Президент Садыр Жапаров Экономикалык Кызматташтык Уюмунун XV саммитининин алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.
Өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн мамилелеринин учурдагы абалын, саммиттин күн тартибиндеги долбоорлорду, эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Жапаров Түркмөнстандын лидерине жылуу кабыл алганы жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, биргелешкен кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
Ошондой эле кыргыз тарап Түркмөнстан менен соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин айтты.
Мамлекет башчылар Кыргызстан менен Түркмөнстандын элинин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.