Биз менен байланышыңыз

Былтыр партиялар шайлоого 668 млн сом коротсо, быйыл 208 млн сом сарпташкан

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 372 | 0

Саясий партиялардын шайлоо фондуна 221 млн 300 сом, ал эми бир мандаттуу талапкерлердин шайлоо фондуна 253 млн 200 миң сом түшкөн. Бул тууралуу брифинг учурунда БШКнын шайлоо фонддорунун ачыктыгы боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Искендер Гайпкулов билдирди.

Анын айтымында, саясий партиялардын фондуна талапкерлер 99,8 млн сом, партиялар 55,3 млн сом, физикалык жактар 60,1 млн сом жана юридикалык жактар 400 миң сом которгон. 27-ноябрга карата партиялар бул каражаттын 200 млн 700 миң сомун сарпташкан.

Ал эми бир мандаттуу округдан талапкерлерден жалпы 253,2 млн сом түшкөн, мунун ичинен 48,5 млн сомду талапкер өздөрү которсо, 183,3 млн сом физикалык жактардан түшкөн. Бүгүнкү күнгө карата бир мандаттуу округдардагы талапкерлердин фондунан 201,9 млн сом жумшалып, 52,3 млн сом фондуларында сакталып турат.

«Салыштыруу үчүн айта кетейин, 2020-жылдын октябрь айында 16 партия 668 миллион сом коротсо, 2021-жылдын ноябрь айында 21 партия 208 миллион сом короткон», — деди ал.

Гайпкулов белгилегендей, 1 саясий партия жана бир мандаттуу округдан 287 талапкердин ичинен 23 талапкер өздөрүнүн каржылык отчётун тапшырган эмес, БШК талапкерлерге жана саясий партияларга жазуу түрүндө билдирүү берген. Алар кыска убакытта биринчи отчётун, андан кийин 8-декабрга чейин экинчи отчётун тапшырууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, быйылкы шайлоодо 22 партия атайын фонд ачкан, анын ичинен бир партия шайлоого катышуудан баш тарткан. Бир мандаттуу округдан 321 талапкер фонд ачкан, андан 34 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.

Copyright © 2017 Maral FM