Кыргызстанда түшкү саат 12:00гө карата 339 миң 785 жаран добуш берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаровдун айтымында, катышуу Ош облусунда активдүү болууда.
Ош облусунда шайлоочулардын 10,94% добуш берди. Парламенттик шайлоо өткөрүүгө Ош облусунун аймагында 515 шайлоо тилкеси ачылган жана 765 миң 265 шайлоочу бар.
Бишкек шаарында — 36 миң 794,
Ош шаарында — 17 миң 37,
Жалал-Абад облусунда — 69 миң 58 жаран,
Ысык-Көл облусунда — 25 миң 915,
Нарын облусунда — 20 миң 623,
Ош облусунда — 73 миң 213 жаран добуш берди,
Талас облусунда — 15 миң 941,
Чүй облусунда — 47 миң 769,
Баткен облусунда 31 миң 917 шайлоого катышты.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет жердеги тилкелерде 1518 мекендеш добуш берди. Муну менен Кыргызстандан сырткаркы шайлоочулардын катышуусу 1,8 пайызды түздү.