Биз менен байланышыңыз

Орусияда көмүр шахта жарылып, 52 адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 1515 | 0

Орусиянын Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасындагы жарылуудан 46 шахтёр, 6 куткаруучу каза тапты. Бул маалыматты Кемерово тоо-куткаруу отрядынын командири Юрий Ше да тастыктаганын «РИА Новости» билдирди.

«Шахтадагы жарылуудан 46 шахтёр каза болду. Кечинде аларга жардам бергени барган 6 куткаруучу да көз жумду», — деген Юрий Ше журналисттерге.

Облус губернатору Сергей Цивилевдин айтымында, жарылуу коркунучун азайтуу үчүн шахталарды метан менен толтуруу керек. Анын айтымында, ага үч күн кетет.

Бейшемби күнү Бишкек убактысы боюнча саат 7.30дар чамасында Кузбасстагы шахтада ири жарылуу болгон. Жер астында эмгектенген 285 жумушчунун 46сы, жардамга барган 6 куткаруучу каза таап, 49 адам ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген. Дагы 35 жумушчу изделип жатат.

Кырсык боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Байкоосуздуктан адам өлүмүнө алып келген кооптуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шахтаны иштеткен компаниянын директору, орун басары, участканын башчысы камакка алынган. Орусия башкы прокурорунун орун басары Дмитрий Демешиндин айтымында, кырсыкка метандын жарылышы себеп болушу мүмкүн экени болжолдонуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM