Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык аскерлер Тажикстанда өткөн машыгууларга катышты (сүрөт)

Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 1381 | 0

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баштаган аскерлер Тажикстандын «Фахробод» аскердик полигонунда өткөн «Кобальт-2021» атайын тактикалык машыгуусуна катышты.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Куралдуу күчтөрү катышкан машыгууга Кыргызстандан ИИМдин «Шер» атайын даярдыктагы отряды, «Шумкар» атайын багыттагы полку барды.

Кыргызстандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Орусиянын жана Тажикстандын аскерлери мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуудагы операцияларды пландоо жана өткөрүү боюнча иштешти.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, «Кобальт-2022» кезектеги атайын тактикалык машыгууларын Кыргызстанда өткөрүү пландалып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM