Биз менен байланышыңыз

Грузия: өкмөт башчы онлайн казинолорду бир канча баскыч менен жабуу жолун сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 605 | 0

Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвили өлкөдөгү онлайн казинолорду жабууну бир канча баскыч менен ишке ашырууну демилгеледи.

«Биринчи баскычта онлайн казинолордун ээлерине карата салыкты көбөйтүү мыйзам долбоору сунушталат. Алардын көпчүлүгү чет өлкөлүктөргө тиешелүү. Тилекке каршы, биздин жарандардын акчалары сыртка чыгып кетүүдө», — деп билдирген өкмөт башчы.

Ошондой эле онлайн казинодо ойной тургандардын курагы 18ден 25 жашка көтөрүлөт. Андан кийинки этапта онлайн казиного толугу менен тыюу салынат.

Грузия премьер-министринин айтымында, онлайн казинолор аркылуу жыл сайын Грузияда 1,5 млрд лари (482 млн доллар) сыртка чыгып кетүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Грузияда онлайн казинолорду жабуу боюнча өлкөдө бир канча жолу массалык митингдер уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM