Connect with us

Өлкөдөгү ашкана-кафелерге миллион сомдон ашуун айып салынды

Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 484 | 0

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузганы үчүн коомдук тамактануучу жана соода-сатык жайларына 1 млн сомдон ашуун айып салынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тамак-аштан уулангандардын көбөйүп баратканына байланыштуу 26-октябрдан 11-ноябрга чейин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жалпысынан 627 коомдук тамактануучу жайды жана соода объектилерин текшерген.

Анын жыйынтыгында эреже-талаптарды бузган жооптуу адамдарга жана жетекчилерге 254 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 1 млн 14 миң 500 сом айып салынган.

Эске салсак, буга чейин «Империя пиццы» кафесиндеги массалык ууланууга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Мындан улам мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бардык коомдук тамактануу жайларын текшере турган болгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM