Биз менен байланышыңыз

Нурлан Умтулов менен Бекболот Алиев Салык кызматынын төрагасына орун басар болушту

Кыска кабар | 17 Ноя 2021 | 1890 | 0

Нурлан Умтулов жана Бекболот Алиев Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары Айдай Карагулова жана Искендер Асылкулов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен бошотулду.

Нурлан Умтулов Салык кызматынын борбордук аппаратынын методология башкармалыгын жетектеген. Финансы жана салык системасында 20 жылдан ашуун иштеген. Катардагы адистен тарта башкы адис, Финансы министрлигинин бөлүм башчысы, Салык кызматынын борбордук аппаратынын башкармалыгынын башчысына чейин эмгектенген.

Бекболот Алиев Экономика жана финансы министринин орун басары болуп иштеген. Финансы системасында 20 жылдан ашык эмгектенген. Мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору, башкы адис, бөлүм башчы, Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM