Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсык болуп, жети адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Айтылган жолдун Кара-Суу району тушундагы тилкесинде, тактап айтканда, 661-чакырымында «Камаз», Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унаалары кагышкан. Кырсыктан 3 эркек, 4 аял каза таап, 6 адам Ош облустук ооруканасына, 3 бала облустук балдар ооруканасына жаткырылган.
Учурда кырсыктын себептери иликтенип, каза тапкандардын жана жаракат алгандардын аты-жөнү такталууда.