Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 17-ноябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым райондорунда жаан, кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8,
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9,
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9,
Бишкек шаарында 17-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +6…+8 градус жылуу.