Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 11 миң 322 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Мунун ичинен 5 миң 207 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 115 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 43 миң 888 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 823 миң 787 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Белгилей кетсек, өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca вакциналары менен эмделип жатат.