Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-ноябрда саат 9:00дөн 16:00гө чейин Эне-Сай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарынын суу алгычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу суу болбойт.
«Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат», — деп жазылган маалыматта.