Биз менен байланышыңыз

PR: Алтынбек Сулайманов: Ар бир добуш аманат. Биз аманатка кыянаттык кылбайбыз

Блог , Кыска кабар | 13 Ноя 2021 | 959 | 0

Ар бир добуштун баасы жок. Элдин добушу тууганчылык жана акча менен бааланбашы керек. Бул тууралуу «Альянс» партиясынын талапкери Алтынбек Сулайманов бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.

Айтымында, Жогорку Кеңешке шайлангандар калктын ишеничин актоого милдеттүү.

«Ар бир добуш аманат. Биз аманатка кыянаттык кылбайбыз. Элге чын дилден кызмат өтөйбүз деп саясий жарышка аттандык«, — деди Сулайманов.

Ал шайлоодо эң таасирдүү күч административдик ресурс экенин айтып, анын айынан шайлоонун жыйынтыктары бурмаланып, жокко чыгарылып келгенин баса белгиледи.

«Азыр административдик ресурс иштеген жок, аны менен күрөш жүрүп жатат. Шайлоого аралашпайбыз деп ар бир мамлекеттик кызматкер кол койгон. Алардын таасири жанындагыларга тийбеши керек. Үгүт иштери аягына чыкканга чейин ушундай болот деген ишеним күч. Болбосо эл нааразычылык билдирип чыгары турган иш», – деди Сулайманов.

АЛЬЯНС — 3 ☑ — БИР КҮЧ!
Алтынбек Сулайманов — 5 ☑

«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 13-ноябрь, 2021-жыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM