Биз менен байланышыңыз

«Ак шумкарлар» Сингапурдун курамасын утуп алды

Кыска кабар , Спорт | 12 Ноя 2021 | 522 | 0

Кечээ, 11-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сингапурдун курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Шарджа шаарынын «Аль-Хамрия» стадионунда өткөн оюн 2:1 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, 16-ноябрда кыргызстандык футболчулар Бахрейн курамасы менен да беттешет.

Оюндар 2023-жылы боло турган Азия кубогуна даярдык көрүү катары өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2023-жылы боло турган Азия кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматка өзгөртүлгөн. Тандоо турунун тайпалык оюндары 2022-жылы 8-июнда, 11-июнда, 14-июнда болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM