Биз менен байланышыңыз

Лейлек: Тажикстандын УКМКсы кыргызстандык жаранды кармап кеткен

Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 901 | 0

УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын күч органдары тарабынан кармалып кеткен жаран тууралуу маалымат таратты.

2021-жылдын 21-октябрында Тажикстандын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Лейлек районундагы Сада участкасында Кыргызстандын жараны 1997-жылы туулган Айдарбек Хайдаров кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Хайдаров мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталууда. Ал Тажикстандын Пахтакор калктуу конушунда кармалган, ал жерде атасы жашайт.

Хайдаровду мекенине кайтарып келүү маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда эки жолу сүйлөшүү жүргөн. Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин деңгээлинде да жолугушуулар өткөрүлгөн.

«Маселе УКМКнын жетекчилигинин көзөмөлүндө, кыргызстандык жаранды мекенине кайтаруу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат«, — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM