Биз менен байланышыңыз

БШК: Тогуз талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 224 | 0

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча катталган 9 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 1-ноябрда өткөн жыйналышында шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча талапкерлердин арыздарды карап, аларды эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлигин койгон 321 талапкер катталган болчу.

Төмөнкү талапкерлер арыз беришкен:

  1. Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн  шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
  2. Ибраимов Санжар Кубанычбекович, №11 Алай шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
  3. Мамбеткулов Максатбек Назиржанович, №13 Москва шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
  4. Исаев Канатбек Кедейканович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
  5. Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
  6. Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, №11 Алай шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
  7. Алыбаев Айбек Ташибекович, №19 Токтогул шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
  8. Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, №21 Талас шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер;
  9. Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, №7 Ош шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

Ошентип, 1-ноябрга карата 312 талапкер шайлоого катышат.

Облустар  боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:

  • Баткен облусу – 37  талапкер,
  • Ош облусу – 54  талапкер,
  • Жалал-Абад облусу – 48  талапкер,
  • Талас облусу – 14  талапкер,
  • Чүй облусу – 62 талапкер,
  • Бишкек ш. – 27  талапкер,
  • Нарын облусу – 29  талапкер,
  • Ысык-Көл облусу – 41 талапкер.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM