Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда алгачкы жолу эл аралык Куран жарышы өтүп жатат

Кыска кабар | 30 Окт 2021 | 312 | 0

Бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаарындагы Имам Сарахсий атындагы мечитте Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы «Куран жазы» аттуу эл аралык Куран жарышын өткөрүүдө. Бул тууралуу Муфтияттан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага муфтий Замир Ракиев жана калыстар тобунун курамында Түркия, Йемен, Катар мамлекеттеринен келген Салех Ахмед Салех, Абдуссалам Мукбил Ал-мажиди, Халид Дервишоглу жана Кыргызстандын Анарбай кары Курбанбеков, Асылбек Таштемиров катышууда.

Куран жарышына КМШ өлкөлөрүнөн чакырылган карылар катышып жатат.

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев эл аралык Куран жарышы сынагы Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жатканын белгилеп, мындан ары жыл сайын өтө турганын билдирди.

«Куран жарышын буга чейин республикалык деңгээлде өткөрүп келчүбүз. Эл аралык деңгээлде биринчи жолу өткөрүп жатабыз. Жалпы Кыргызстан менен чогуу 11 мамлекеттен келген кары сынакка катышып жатат. Мындай эл аралык сынакты жыл сайын өткөрүп турмакчыбыз«, — деди Замир кары.

«Куран жазы» аттуу эл аралык Куран жарышы бүгүн саат 16:20да жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM