Биз менен байланышыңыз

Партиялардын бюллетендеги катар номери аныкталды (тизме)

Кыска кабар | 30 Окт 2021 | 1524 | 0

Бүгүн, 30-октябрда парламенттик шайлоого саясий партияларыдын бюллетендеги номерлери аныкталды. Номерлер чүчүкулак аркылуу тандалды. Чүчүкулакка жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.

Ага ылайык:

1. «Ата Мекен»;

2. «Бүтүн Кыргызстан»;

3. «Альянс»;

4. «Легалайз»;

5. «Ыйман Нуру»;

6. «Күчтүү регион»;

7.  «Кыргызстан либералдык-демократиялык партиясы «Багыт»;

8. «Ынтымак»;

9. «Ишеним»;

10. «Азаттык»;

11. «Мекенчил Эл»;

12. «Кыргызстан Жашылдар партиясы»;

13. «Жашасын Кыргызстан»;

14. «Социал-демократтар»;

15. «Аруузат — Эл куту»;

16. «Кыргызстан биримдик патриоттук партиясы»;

17. «Улуттар Биримдиги»;

18. «Эл үмүтү»;

19. «Ордо»;

20. «Улуу-Журт»;

21. «Ата Журт Кыргызстан».

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Үгүт иштери 29-октябрдан башталып, 27-ноябрь эртең мененки саат 08:00гө чейин уланат.

Copyright © 2017 Maral FM