Биз менен байланышыңыз

«Акыркы көч» тасмасы Мексикада кинофестивалга катышат

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 176 | 0

Кыргызстандык «Акыркы көч» тасмасы 3-7-ноябрь аралыгында Мексикада өтө турган Эл аралык кинофестивалдын толук метраждуу кино сынагына катышат.

«Акыркы көч» тасмасынын сценарийинин авторлору жана режиссерлору Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу.

Тасмада Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов жана Гүлсина Чотонова сыяктуу актёрлор роль аткарышкан.

«Леон кино» эл аралык фестивалы 7 жылдан бери кыска метраждуу, көркөм жана даректүү тасмалар тармагында улуттук, эл аралык рынокко чыгуу максатында өткөрүлүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM