Кыргызстандык суучул Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Катардын Доха шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 5-орун алды.
21-23-октябрда мелдештин үчүнчү этабы өтүп, анда Петрашов 3 аралыкка брасс стилинде сүзгөн.
Ал 50 жана 100 метр аралыкта финалга чейин жетип, 8 орунду ээлеген.
Ал эми 200 метр аралыкка сүзүүдө кыргызстандык суучул 2 мүнөт 6,10 секундда сүзүп келип, финалга чыккан. Ал атаандашына 4 секундга жеңилип, 5-орунга татыды.
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарында жалпы жыйынтык боюнча 18-орунду ээлеген.