Бишкек-Ош унаа жолунун 145-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) жол кырсыгы катталып, эки киши көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Toyota Estima жана Toyota Camry үлгүлөрүндөгү унаалары кагылышкан. Анын кесепетинен 2 эркек адам каза болуп, 10 адам жабыркаган. Алардын бешөө эркек, төртөө аял жана 1 кичинекей кыз (аты-жөндөрү такталууда).
Жерине ӨКМдин 5 куткаруучусу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелери ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Ал эми жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып тез жардам кызматы жана жолдо бараткан унаалар аркылуу Кара-Балта шаардык ооруканасына жеткирилген.