Биз менен байланышыңыз

USAID Кыргызстандын ооруканаларына медициналык каражат тапшырды

Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 244 | 0

Бүгүн, 19-октябрда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкектеги эки ооруканага жеке коргонуу каражаттарын жана медициналык буюмдарды тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, агенттик Улуттук госпиталга жана Республикалык жугуштуу оорулар клиникасына 19 миң жуп колкап, 5 миң респиратор, 960 коргоочу көз айнек, 10 миң жуп бахила, 50 кардиостимулятор берген. Гуманитардык жардамдын жалпы наркы 1 миллиондон ашуун сомду түзгөн.

Айта кетсек, USAID ушул жылдын июль айында 5 ооруканага медициналык жабдууларды тапшырган. АКШнын агенттиги пандемия башталгандан бери Кыргызстанга 7 миллиондон ашуун доллар бөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM