Биз менен байланышыңыз

Республикалык штабда эмдөө маселеси талкууланды

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 289 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Жолугушууда COVID-19га каршы эмдөөнүн жүрүшү, ошондой эле вакциналарды ташып келүү жана анын запасы боюнча маселе каралды.

Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалды үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жана абал начарлаган учурда токтоосуз штабга маалымдап, тийиштүү чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.

Андан соң кеңешменин мүчөлөрү жеткирүүчүлөр алдында дары-дармектер боюнча кредитордук карызды төлөө маселесин талкуулады. Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, аталган маселе быйыл чечилет.

Мындан тышкары «кызыл тилкедеги» медициналык кызматкерлерге кенемте төлөө маселеси да сүйлөшүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM