Биз менен байланышыңыз

Каныкей Эралиева: Обон уурдагандар көбөйдү

«Марал» радиосунун «Жаңы дем» программасынын «Күтүүсүз 3 суроо» рубрикасынын кезектеги коногу КР эл артисти Каныкей Эралиева болду.

— Обондогу окшоштуктар сизди түйшөлтөбү?

— Андай учурлар көп болот. Менин обонумдан бир сап, башка обончулардан бир сап кылып, 4 сап тең ар башканын обонунан жаралган ырлар көбөйдү. Чыгармачылыкка мындай кылган уят болот. Ал обон деле көпкө жашабайт. Обон жүрөктөн, жан дүйнөнүн эргүүсүнөн келип чыгат. Эгерде окшош болуп калган жерлери болсо, ошону ар кимге угузуп, кеп-кеңешин алып, анан чыгаруу керек.

— Башка ырчылардын аткаруусунда ырларыңызды укканда кандай кабыл аласыз?

— Ар биринин өзүнчө аткаруу манерасы болот. Кээ бир учурда «И-ий, ушул жерин мындай, тигиндей кылып койсо жакшы болмок экен!» — деп калам.  Уруксат сурабай ырдап жүргөн ырчылар да бар. Керек болсо автору мени унутушуп, башка эле бирөөнүн атын жазып, клип тарттыргандар да жок эмес. Обонун бузуп, сөзүн туура эмес ырдашат. Ошолорду угуп, капа болом.

— Чыгармачыл үй-бүлөнүн түйшүгү кандай?

— Албетте, чоң түйшүгү болот. Бирок, эки тараптын бири-бирин сыйлап, туура түшүнүп, ынтымак менен  жашаганы — туура кадам. Үйдө жолдошумдун чыгармачылыгына абдан баа берем. Ал мени колдоп, сыйлап турат. Бири-бирибизге тоскоол болбойбуз. Мен обон чыгарып бүтүп, «Кандай болуптур, уксаң?» — деп калам. А кишиге, эгер купулуна көп толбосо, «пойдёт» деп коёт. Анан мен дароо түшүнүп, кайра ал обондун үстүнөн иштеп баштайм. Жолдошум көп сындайт. Мен токтоп калбастан, кайра өжөрлөнүп иштейм (күлүп).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM