Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын абалына талдоо жүргүзүлдү

Кыска кабар | 15 Окт 2021 | 285 | 0

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу институту жана ЮНИСЕФ уюму Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана өспүрүмдөрдүн абалына талдоо жүргүздү.

Изилдөөнүн жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана өспүрүмдөргө сапаттуу инклюзивдүү кызмат көрсөтүүдө тоскоолдуктар, ошондой эле анын саясатын ишке ашырууда кыйынчылыктар бар экени аныкталган. Министрлер кабинетине, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жана жарандык коомго далилдер базасы жана сунуштар берилген.

Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекованын айтымында, бул талдоо 2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасына киргизилген. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары боюнча конвенцияны ишке ашыруу жол картасы да иштелип чыгууда.

Отчеттор онлайн жана оффлайн режиминде мамлекеттик кызматкерлер, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеген жарандык коом уюмдары, майыптыгы бар балдар, алардын ата-энелери жана жеке сектор үчүн берилип турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM