Биз менен байланышыңыз

Акысыз юридикалык жардамды кимдер, кантип алса болот?

Коом | 13 Окт 2021 | 900 | 1

 

Кыргызстанда мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам көрсөтүү акыркы жылдары өнүгө баштады. Буга БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун да чоң салымы бар. Кыргызстанда Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасынын өнүгүшү жана калыптанышы үчүн  учурда МКЮЖны өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин ишин жылдырууга дагы колдоо көрсөтүп келет.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүү боюнча координациялык кеңеш акысыз юридикалык жардам боюнча маалыматты жайылтуу жана аны эффективдүүлүгүн арттыруу максатында 2018-жылы түзүлгөн. Бул тууралуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин жетекчиси, белгилүү адвокат Айжан Жуманалиева төмөнкүлөрдү айтып берди.

«Координациялык кеңешке 70тен ашык коомдук, бейөкмөт уюмдар кирет. Алар Бишкекте жана аймактарда жайгашкан. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору жана акысыз юридикалык жардам берген 33 борбор менен кызматташып келебиз. Алар юридикалык жактан жардам берсе, биз системасын өнүктүрүү максатында бейөкмөт иштерди, маалыматтарды жайылтууну колго алганбыз». 

Адвокат Айжан Жуманалиеванын айтымында, жарандар акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлоруна эң көп үй-бүлөлүк маселелер боюнча кайрылашырын айтат.

«Статистика боюнча акысыз юридикалык жардам алууга айыл жергесинде жер маселеси, үй-бүлөлүк маселе, мурас, ажырашуу процесстери, алимент өндүрүү, ажырашууда мүлктү бөлүштүү сыяктуу маселеде жардам сурап кайрылышат. Мындан сырткары кылмыш иштери боюнча да жардам сурагандар. Аймактарга жараша бул өзгөрүп турат».

Эксперттер 2018-жылдан бери мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын сапаты өсүп жатканын белгилейт. Мындай натыйжага мамлекет жалдаган адвокаттарга төлөнүүчү каражаттын көбөйгөнү да себеп болгонун Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков айтат.

«2017-жылы биздин мамлекеттик адвокаттарга төлөнүүчү каражаттын көлөмү бюджеттен 15-16 млн сом болсо, 2018-жылы бул көрсөткүч 74 млн сомго чыкты. Бул деген сөзсүз иштин сапатына таасирин тийгизет. Адвокаттардын бул системага кирүүсүн да мотивациялайт. 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 40 миң жаранга акысыз адвокатты камсыздап бердик. Алардын ичинен көпчүлүгү акталган»

2018-жылга чейин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттарга сый акысын төлөө маселеси бир топ түйшүктөрдү жаратып келген. 2018-жылдын декабрында чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык, адвокаттарга сый акы төлөөнүн жоболору жеңилдетилип, ошол эле учурда эффективдүү иштөөсү үчүн бир катар критерийлер иштелип чыккан. Натыйжада акысыз юридикалык жардамга муктаж адамдарга кызмат көрсөтүү үчүн мамлекет менен кызматташкан адвокаттардын саны кыйла өскөнүн Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды өнүктүрүү боюнча координациялык кеңештин жетекчиси Айжан Жуманалиева айтат.

«Мамлекеттик реестрде адвокаттардын саны өстү. Мурун ал жерде 200дөй адвокат катталса, учурда 450гө жетти. Алардын профессионалдуулугун арттыруу максатында координациялык кеңеш, эл аралык уюмдардын колдоосу менен ар кандай окутуулар да уюштурулуп турат.

Адвокат Зарина Кабылбекова буга чейин мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча иш алып барган эмес. Бирок азыр мамлекет менен адвокаттардын кызматташуусу бир топ жөнгө салынганын байкап, юридикалык жардамга муктаж жарандарга акысыз кызмат көрсөтүү үчүн мамлекеттик каттоого арыз таштаганын айтат.

«Калктын көпчүлүгүнүн акысыз юридикалык жардамдар тууралуу маалыматы жок. Мына ошолорго маалыматты терең жеткирүү зарыл. Адвокаттардын милдети калкка укуктук жактан кызмат көрсөтүү болуп саналат. Мындан улам мен дагы өз салымымды кошууну чечтим».

Чындыгында эле мамлекет кепилдеген адвокаттар менен акысыз юржардамга муктаж жарандар ортосунда кызматташтык жакшырганын жана мындай акысыз кызматтар тууралуу маалыматтарды жайылтуунун зарыл экенин белгилейт, бир канча жылдан бери мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча кызматташып келген адвокат Найла Калдыболоева.

«Азыр абал бир топ жакшырды. Буга чейин мамлекет тарабынан төлөнүүчү гонорарды алуу да машакаты көп болчу. Азыр болсо гонорардын суммасы да өсүп, аны алуу да жеңилдеди».

Биз айтып жаткан мамлекет кепилдеген юридикалык жардам кандай учурда жана кимдерге берилет? Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлоруна кандай маселелер менен кайрылса болот? Алар төмөнкүлөр:

— социалдык жөлөкпул жана пенсиялар

— үй бүлөлүк зомбулук маселелери

— мураска байланышкан талаштар

— никени бузуу, алимент кестирүү

— жер талашуу жана башка укуктук маселелер.

Ал эми мыйзам боюнча консультациялык-укуктук жардам алууга кимдер кайрылса болот, билип алыңыз:

— Кыргыз Республикасынын жарандары;

— чет өлкөлүк жарандар;

— жарандыгы жок адамдар жана качкындар.

Эгерде сиз акысыз юридикалык жардамга муктаж болуп атсаңыз Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун 0770459117 номерине кайрылсаңыз болот. Сизге акысыз юридикалык кеңеш алуу, мамлекеттин эсебинен адвокат жалдоо боюнча толук маалымат берилет.

Ошондой эле Кыргызстан боюнча 31 Акысыз юридикалык жардам борбору иштейт. Алардын даректерин, байланыш номерлерин ukuk-jardam.gov.kg сайтынан тапсаңыздар болот.

1 пикир

1 пикир

  1. Сезим

    02.04.2023 09:35

    Саламатсызбы?. Кантип сиздер менен байланышсак болот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM