Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алды

Кыска кабар , Спорт | 9 Окт 2021 | 1222 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинин финалында атаандашына утулуп, күмүш байге алды.

Финалдык беттеште Шаршенбеков молдовалык Виктор Чобану менен күрөшүп, ага 9:3 эсебинде жеңилип калды.

Жоламан Шаршенбеков килем үстүнө 8-октябрда чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи кармашында Беларусь балбаны Максим Кажарскини, чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистаришвилини жеңип, жарым финалга өткөн. Ал эми жарым финалда азербайжандык балбан Мурад Мамедовду утуп алган.

Эскерте кетсек, 2018-жылы Жоламан Шаршенбеков Дүйнө биринчилигинде 55 килограмм салмакта күмүш байге уткан.

Шаршенбековдун күмүш байгеси кыргызстандык балбандардын Ослодо өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында уткан 6 медалы болду. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш жана Алибек Осмонов коло байге (65 кг) тагынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM