Биз менен байланышыңыз

Дүйнө биринчилиги: Балбан Алибек Осмонов коло байге утту

Кыска кабар , Спорт | 4 Окт 2021 | 676 | 0

Бүгүн, 4-октябрда Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде эркин күрөш боюнча балбан Алибек Осмонов (65 кг) коло байге утту.

Үчүнчү орун үчүн кармашта ал польшалык Кристоф Биенковски менен күрөшүп, аны 4:1 эсебинде жеңип алды.

Осмоновдун коло байгеси Кыргызстандын Норвегияда өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде алган алгачкы медалы. Эртең, 5-октябрда эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) жана балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) финалда алтын үчүн күрөшөт.

Эскерте кетсек, Осмонов таймашты кечээ, 3-октябрда квалификациялык айлампадан баштаган. Биринчи беттешинде франциялык балбан Марван Ахмед Йеззаны мөөнөтүнөн мурда жеңген. 1/8 финалда ал бразилиялык балбан менен күч сынашып, аны биринчи бөлүктө 12:2 эсебинде утуп алган.

Ал эми чейрек финалда ал украиналык Василий Шуптар менен күрөшүп, аны 5;3 эсебинде жеңген. Бирок жарым финалда ирандык балбан Амирмохаммад Бабак Йазданичератиге 4:5 эсебинде жеңилип, коло үчүн күрөшө турган болгон.

Copyright © 2017 Maral FM