Биз менен байланышыңыз

Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду (видеосу)

Кыска кабар , Спорт | 8 Окт 2021 | 3798 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде алтын байге утуп, дүйнө чемпиону болду.

Ал финалдык беттеште япониялык балбан Рин Мияжини жеңип алды.

Мээрим Жуманазарова кыргызстандык балбандардын арасында дүйнө чемпиону болгон экинчи спортчу болуп калды. Буга чейин балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) гана дүйнө чемпиону наамына ээ болгон – Тыныбекова эки жолку дүйнө чемпиону (Нур-Султан, 2019-жыл жана Осло, 2021-жыл).

Мээрим Жуманазарова килем үстүнө 6-октябрда чыгып, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде кореялык Минжи Ханы, андан кийин чейрек финалда канадалык Оливиа Грэйс Ди Баккону жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалдык беттеште ал орусиялык Ханум Велиеваны жеңип алган.

Эскерте кетсек Мээрим Жуманазарованын алтын медалы кыргызстандык балбандардын Ослодогу Дүйнө чемпионатында уткан бешинчи медалы. Буга чейин балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш жана Алибек Осмонов коло байге (65 кг) тагынган.

Copyright © 2017 Maral FM