Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 8 Окт 2021 | 1750 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинин финалына чыкты.

Жарым финалда ал азербайжандык балбан Мурад Мамедов менен күрөштү. Шаршенбеков атаандашын 4:2 эсебинде утуп алды.

Финалдык беттеш эртең, 9-октябрда өтөт. Алтын үчүн Шаршенбеков молдовалык Виктор Чобану менен күрөшөт.

Жоламан Шаршенбеков килем үстүнө бүгүн, 8-октябрда чыкты. 1/8 финалда ал Беларусь балбаны Максим Кажарскини, чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистаришвилини жеңип, жарым финалга өткөн.

Эскерте кетсек, 2018-жылы Жоламан Шаршенбеков Дүйнө биринчилигинде 55 килограмм салмакта күмүш байге уткан.

Азыркы тапта, Ослодо өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын капчыгында 5 медаль бар: кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш жана Алибек Осмонов коло байге (65 кг) тагынган.

Copyright © 2017 Maral FM