Биз менен байланышыңыз

Эрулан Көкүлов шайлоого «Ынтымак» партиясы менен барат

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 746 | 0

Блогер, «Не сахар» долбоорунун автору Эрулан Көкүлов быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого «Ынтымак» партиясы менен барат. Бул тууралуу аталган партиядан кабарлашты.

Эрулан Көкүлов буга чейин эле шайлоого барары тууралуу айтып жүргөн. Ал былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Реформа» партиясы менен алдыңкы 10 талапкердин катарында барган.

6-октябрда «Ынтымак» жана «Келечек» партиялары парламенттик шайлоого чогуу баруу үчүн биригишкен.

Кыргызстанда 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн 72 партия катталган.

Ал эми бир мандаттуу округ боюнча катышууну каалаган талапкерлердин саны 8-октябрга карата 145ке жетти.

Эрулан Көкүловдун «Маралга» берген маегин бул шилтемеден көрүңүз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM