Биз менен байланышыңыз

Кытайга тышкы карызды төлөө мөөнөтү 6 жылга жылдырылат

Кыска кабар | 5 Окт 2021 | 423 | 0

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Министрлер кабинетинин атынан Экономика жана каржы министрлиги менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашуунун долбоорун карады.

Экономика жана каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун маалыматына караганда, 51,1 миллион долларды төлөө жылына эки пайыз менен 6 жылга жылдырылып жатат.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы жылдын ортосуна карата 4 миллиард 921 миллион доллардан ашкан. Бул сумманын 85% тышкы карыз. Тышкы карыздын 1,7 миллиард доллары Кытайдын Эксимбанкынан алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM