Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Министрлер кабинетинин атынан Экономика жана каржы министрлиги менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы тышкы карызды төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашуунун долбоорун карады.
Экономика жана каржы министринин орун басары Руслан Татиковдун маалыматына караганда, 51,1 миллион долларды төлөө жылына эки пайыз менен 6 жылга жылдырылып жатат.
Кыргызстандын мамлекеттик карызы жылдын ортосуна карата 4 миллиард 921 миллион доллардан ашкан. Бул сумманын 85% тышкы карыз. Тышкы карыздын 1,7 миллиард доллары Кытайдын Эксимбанкынан алынган.