1-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна 7,6 миллион доллар өлчөмүндө интервенция жүргүздү.
Бул тууралуу банктан кабарлашты.
Улуттук банк 27-сентябрда да интервенция жасап, валюта рыногуна 31,1 млн доллар саткан.
Жалпысынан 2021-жылы валюта рыногуна сегиз жолу интервенция жасалып, 311 миллион 150 миң доллар сатылды.
29-сентбярда Улуттук банктын төрагасы алмашып, Толкунбек Абдыгуловдун ордуна Кубанычбек Бөкөнтаев дайындалган.