Биз менен байланышыңыз

Чоңдорго билим берүү декадасы соңуна чыкты

Кыска кабар | 4 Окт 2021 | 194 | 0

Ысык-Көлдө «КАОВ — CONFINTEA VII карай 15 жылдык ишмердүүлүгү» конференциясы аяктады, ошондой эле чоңдорго билим берүү декадасы да соңуна чыкты.

Конференция эки күнгө созулуп, биринчи күнү КАОВтун 15 жыл ичиндеги ишмердүүлүгү, чоңдорго билим берүү тармагындагы эл аралык жана улуттук процесстер жана документтер каралды. Экинчи күнү — эл аралык программанын алкагында өлкөлүк процесстер жөнүндө маалыматтар жана чоңдорго билим бурүүнү өзүнчө компонент катары калыптандыруу тууралу жалпы түшүнүктөр берилди.

Конференциянын аягында катышуучулар Билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясынын жарандык отчетун даярдоонун алкагында сурамжылоону толтурушту. Сурамжылоонун жыйынтыктары жарандардын чоңдорго билим берүү жана окутуу боюнча отчетун даярдоо үчүн негиз болуп калат.

Чоңдорго билим берүү боюнча жетинчи эл аралык конференцисы (CONFINTEA VII) 2022 -жылы Мароккодо өтүп, чоңдорго билим берүү боюнча глобалдык отчет сунушталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM