Биз менен байланышыңыз

УКМК: Эскирген азыктардын мөөнөтүн узартып сатуу фактысы аныкталды (видео)

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 671 | 0

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чаралардын жүрүшүндө, өлкөнүн түштүк аймагында мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды чоң көлөмдө сатуу фактысы аныкталды.

Маалыматка ылайык, мөөнөтү өтүп кеткен ар кандай азык-түлүк товарлар R.G. Company ишканасы менен  «М.И. Компани» ишканасына таандык экени аныкталды. Азыктар Орусия, Казакстан жана Бишкектен келип турган.

Кечээ, 30-сентябрда кампаны тинтүү учурунда, жарактуулук мөөнөтү атайылап узартылган балдар, конфеттер, торттор жана сүт азыктары аныкталган.

Мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын датасын атайын химиялык каражаттар менен узартып турушкан.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бул компаниялардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн көмүскө кирешеси күнүнө 2 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM