Биз менен байланышыңыз

«Электр станциялары» ишканасы 1 млн сомго курал жана ок-дары сатып алат

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 1710 | 1

«Электр станциялары» курал жана ок-дары сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Ишкана тапанча, мылтык, ок-дары жана аны сактоо үчүн сейф сатып алууну пландоодо. Ал үчүн 1 млн 76,6 миң сом каралган.

Тендер бүгүн, 30-сентябрда жарыяланып, арыздар 14-октябрга чейин кабыл алынат.

Эскерте кетсек, «Электр станциялары» компаниясынын карамагында 7 ГЭС (Токтогул, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ж.б.) жана Бишкек менен Ош шаарындагы жылуулук электр борборлору турат. Алар мамлекет үчүн стратегиялык объекттер болуп саналат.

1 пикир

1 пикир

  1. Гульнара

    01.10.2021 11:35

    Бул эмне ок-дары. Ууланган окбу? Кантип түшүнсө болот?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM