«Электр станциялары» курал жана ок-дары сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Ишкана тапанча, мылтык, ок-дары жана аны сактоо үчүн сейф сатып алууну пландоодо. Ал үчүн 1 млн 76,6 миң сом каралган.
Тендер бүгүн, 30-сентябрда жарыяланып, арыздар 14-октябрга чейин кабыл алынат.
Эскерте кетсек, «Электр станциялары» компаниясынын карамагында 7 ГЭС (Токтогул, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ж.б.) жана Бишкек менен Ош шаарындагы жылуулук электр борборлору турат. Алар мамлекет үчүн стратегиялык объекттер болуп саналат.