Биз менен байланышыңыз

Коляскасы бар келинди унаасына салбай койгон №203 каттамдын айдоочусу жумуштан алынды

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 2762 | 0

Балалуу келинди коляскасы менен унаасына салбай койгон №203 каттамдын айдоочусу жумуштан алынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Келинди кичиавтобуска түшүрбөй койгон айдоочу 37 жаштагы М.Б. аттуу жаран экени аныкталган.

Айдоочу кайгуул кызматкерлерине келинди унаага салбай койгонунун себебин түшүндүрүп берген. Анын айтымында, былтыр колясканын айынан кичиавтобуста бара жаткан окуучу жабыркап, ал кенемте төлөп берүүгө аргасыз болгон. Мындан улам ал бүгүн келинди коляскасы менен унаага түшүрбөй койгон.

Бул окуя үчүн айдоочу коомчулуктан кечирим сураган. Учурда ал жумуштан кетирилген.

Андан тышкары кийинки териштирүү иштери үчүн ал Ленин райондук милициясына жеткирилген.

Балалуу келинди маршруткага салбай кеткен айдоочуга чара көрүлөт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM