Бишкекте эне-баланы коляскасы менен кичиавтобуска салбай койгон №203 маршруттук каттамдын айдоочусуна чара көрүлөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
«Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы билдирүүсү боюнча, №203 маршруттук каттамды тейлеген «Совет Бригады» ЖЧКсынын башчысы шаардык транспорт башкармалыгына саат 11: 30га чакырылган. Учурда аталган каттамдын айдоочусуна карата чара көрүү боюнча иштер жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.
Социалдык тармакта маршрутка айдоочусу жаш келинди кичинекей кызы менен коляскасы болгон үчүн маршруткага отургузбай, эшигин жаап, айдап кеткени жөнүндө видео тарады.
Мындайды адам деп айтуу кыйын, мен больницадан чыгып, мурдунда трубкасы бар 2жашар балам менен, сквозняк болуп жатат деп айтсам көл-Бишкек таксисинин айдоочусуна, түш деген, биз комфортно барабызбы, сенден башка жүргүнчүлөр дагы бар деп. Аллахым сактасын, мындай адамдарга хидаят берсин. Соттош о болмок,
Venera
01.10.2021 13:11