Биз менен байланышыңыз

Фумио Кисида Япониянын жаңы өкмөт башчысы болот

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 707 | 0

Япониянын мурдагы тышкы иштер министри Фумио Кисида өлкөдөгү башкаруучу Либерал-демократиялык партиянын төрагалыгына шайланып, өлкөнүн жаңы өкмөт башчысы болмокчу.

Ал бир жылдай өкмөт башчылык кызматта отурган Ёсихидэ Суганын ордуна келет. Сентябрдын башында Ёсихидэ Суга премьер-министр кызматынан кетерин билдирген.

Фумио Кисида өкмөт башчы кызматына парламенттин 4-октябрда өтө турган кезексиз сессиясында бекитиле тургандыгы күтүлүүдө.

64 жаштагы Кисида Япониянын 100-премьер-министри болуп калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM