Биз менен байланышыңыз

Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн шаарча курулат

Кыска кабар | 26 Сен 2021 | 797 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдин этникалык кыргыздары үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салды.

Бул аймакта турак жайлардын, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектептин, саламаттыкты сактоо объектилери жана башка социалдык курулуштардын салынышы пландалууда.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле айрым имараттардын курулушуна «Ассанабиль» коомдук кайрымдуулук фонду көмөктөшөт.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып, Ооганстандагы кыргыздардарды ушул жылдын соңуна чейин көчүрүп келүү ниетин билдирди.

Бул жерде келечекте 300-400 үйдө памирлик кыргыздар жагымдуу шарттарда жашай алышат.

Президент чогулгандар менен баарлашып, алар турак жай жана жер көйгөйлөрү, автотранспорттук логистика, таза суу маселелерин көтөрүп, социалдык мүнөздөгү маселелерди чечүүнү тездетүүнү өтүнүштү.

Садыр Жапаров жергиликтүү калктын суроосун угуп, жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында райондордун акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейе турганын эске салды. Муну менен жергиликтүү калкты тынчсыздандырган көпчүлүк маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин деңгээлинде ыкчам чечилет.

Copyright © 2017 Maral FM