Биз менен байланышыңыз

Турсунбек Акун III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 1400 | 0

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери, көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн 189 адамга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Анын арасында Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун да бар. Ал III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Турсунбек Акун 2020-жылы Конституциянын жаңы долбоорун талкуулаган Конституциялык кеңешменин курамында болгон жана Башмыйзамды иштеп чыгууга активдүү катышкан.

Ал Борбордук Азия боюнча адам укуктары конгрессинин координатору, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM