Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 1400 адам дарыланууда, 49 бейтап өтө оор абалда

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 139 | 0

Кыргызстанда 22-сентябрга карата  72 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 31,

Ош шаары – 1,

Чүй облусунда – 6,

Ош облусунда — 1,

Талас облусунда – 4,

Нарын облусунда – 2,

Ысык-Көл облусунда – 14,

Жалал-Абад облусунда – 4,

Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган. Былтыр пандемия башталгандан бери 177 миң 941 адамга вирус жукту.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду. Жалпы өлүм учурлары 2 миң 595ке жетти.

Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайып чыккан. Жалпы айыккандар 172 миң 469 киши.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 542 бейтап, үй шартында 862 адам дарыланууда. Анын ичинен 49 бейтап өтө оор абалда, 165и оор абалда. Дагы 327 бейтаптын абалы орточо оор, бир кишинин абалы туруктуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM