Connect with us

Калмакстандын экс-президенти «Талас облусунун ардактуу атуулу» болду

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 1099 | 0

Калмакстандын мурдагы президенти, ишкер Кирсан Илюмжиновго «Талас облусунун ардактуу атуулу» наамы берилди. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кирсан Илюмжинов кечээ, 20-сентябрда Таласка иш сапары менен келген. Облус башчысы Бакытбек Нарбеков аны «Манас Ордо» улуттук комплексинде тосуп алган. Алар улуттук комплекстеги Манастын күмбөзүн зыярат кылып, конокко музей, Кырк чоро архитектуралык композициясы көрсөтүлгөн.

Алардын жолугушуусунда экономика, билим берүү, маданият жана спорт тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу пландары талкууланган.

Кирсан Илюмжинов Бакытбек Нарбеков демилге кылган Өзбекстанга Түз ашуусу аркылуу тоннель салуу, Кара-Буура районунун Бакайыр айыл аймагындагы күмүш кенин иштетүү келечеги бар долбоорлор экенин белгилеген.

Илюмжинов Бакайыр айыл аймагынын Куру-Бакайыр жайыгындагы күмүш кени жайгашкан аймак менен жеринде таанышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM