Connect with us

Нарындын мэри өлкөдөн сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулду

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 598 | 0

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков өлкөдөн сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Соттун чечими 20-сентябрда чыккан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Самарбек Болотбеков 18-сентбярда кармалганын кабарлаган. Ал былтыр өткөн парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык кылуу фактысы боюнча айыпталган.

Самарбек Болотбеков мурдагы депутат Руслан Чойбековдун ишинин алкагында кармалган. «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул кылмышка Самарбек Болотбековдун да тиешеси бар экени кабарланган.

Экс-депутат Руслан Чойбеков 16-сентябрда кармалган, ал тергөө бүткөнчө камакта болот.

Copyright © 2017 Maral FM