Биз менен байланышыңыз

«Яндекс» салык төлөй баштайт

Коом | 21 Сен 2021 | 932 | 0

Айрым депутаттар «Яндекс» такси кызматын жаап салууну сунушташты. 

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 21-сентябрдагы жыйынында «Яндекс» компаниясынын Кыргызстандагы такси кызматы тууралуу маселе көтөрүлдү. Айрым депутаттар «Яндекс» жарандардан көп акча алып коюп жатканын, бирок өлкөгө салык төлөбөй турганын сындашты.

-Мисалы, мен азыр Бишкектин Токтогул/Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишине такси чакырайын деп карасам “посадка” 79 сомдон башталып жатат. Кээ бирде посадкасы эле 189 сомдон башталган учурлар болот, бул өтө кымбат. Бирок “Яндекстин” таксилерин тиркеме аркылуу чакыруу ыңгайлуу, жарандар ошол үчүн эле ушул таксини колдонобуз.

Бул Бишкек шаарынын тургуну Садырбек Саматов. Ал «Яндекс» компаниясынын Кыргызстандагы таксилерин колдонуу ыңгайлуу болгону менен баалар өтө керектүү учурда кымбаттап кетерине нааразы болгондордун бири. Айрыкча акыркы убакта тариф көтөрүлүп кеткенин көп эле жүргүнчү айтып жатат.

Парламенттин депутататы Акылбек Кемелов да өкмөттү чечкиндүү кадамдарга барып, «Яндекс» компаниясы салык төлөбөсө жаап салууну сунуштады.

Монополияга каршы агенттик менен чогуу иш алып баруу керек деп ойлойм. Себеби тыгын учурунда, жарандардын такси кызматына муктаждыгы болуп турган маалда бааларды өтө жогорку коюп жатышат. «Башка эмне кыла алмак эле» деген мамиле кылышат. Такси кызматы бааларын өтө жогорулатпашы керек. Жарандарды кыйнабаш керек.

Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев «Яндекс» компаниясы Кыргызстанга салык төлөөгө макул болгонун кабарлады.

Ал эми такси айдоону каалаган жарандар мындан ары электрондук патенттин негизинде гана иштей алат деген талап коюлат. Айдоочу электрондук патенти жок болсо, «Яндекстин» такси кызматында иштей албайт.

-Компания таксисттерге талап коют. Эгер таксисттердин электрондук патенти жок болсо, «Яндекс» тиркемеси менен иштей албайт. Компания ушундай система менен иштөөгө даяр экенин билдирди. Салык кызматында «электрондук патент» системасы бар, патенттер берилип жатат. Биз аны «Түндүк» порталы менен байланыштырабыз жана «Яндекстин» таксисттери электрондук патент ала алышат.

«Яндекс» такси кызматы болуп эсептелбейт, ал маалыматтык-технологиялык компания. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтарына караганда, компания Кыргызстанда катталган эмес, жергиликтүү өнөктөштөр аркылуу иштейт.

Депутат Улукбек Ормонов парламенттин тармактык комитетинин 21-сентябрдагы жыйынында «Яндекс» компаниясы салык төлөөгө макул болгону менен айдоочулардан электрондук патент талап кылганы туура чечим эмес экенин айтты.

Мен бул маселени төрт жылдан бери айтып келе жатам. Салык кызматына канча жолу кат жаздым. Компания бир тыйын салык төлөбөйт. Уюлдук тиркемеси менен 5 миңден ашык кыргызстандык жаранды иштетет, алар үчүн салык төлөтсөк, миллиард сомго чыгып кетет. Алар башка таксилерди кысымга алышат. Ошол эле учурда тарифтерди негизсиз көтөрүшөт, эл кыйналып жатат. Мамлекеттик монополияга каршы агенттик бул маселени өз көзөмөлүнө алышы керек. Баалар элге жеткиликтүү болушу керек. Туура, тиркемеси жарандар үчүн ыңгайлуу, бирок компанияга салык төлөтүү керек. Казакстанда соттун чечими менен иштешине тыюу салынды.

«Яндекс» Бишкекте 2017-жылдан бери иштеп келет.

Copyright © 2017 Maral FM