Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форуму өтөт

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 323 | 0

Эртең, 21-сентбярда Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу «Аялдар лигасы» коомдук фондунан кабарлашты.

Форумдун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдары тажрыйба алмашып, кызматташууга да аракет кылышат. Ошондой эле ишкерлер үчүн ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурулат.

Иш-чарага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, Инвестициялар министри Алманбет Шыкмаматов, Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков катышары күтүлүүдө.

Форум «Орион» мейманканасында саат 9:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM