Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков УКМКга сурак берип чыкты

Кыска кабар | 18 Сен 2021 | 725 | 0

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде сурак берип чыкты.

Буга чейин айтылгандай, Сооронбай Жээнбеков «Кумтөр» иши боюнча экинчи жолу сурак берди.

Ал 12-августта да суракка чакырылган.

Иштин жагдайлары тууралуу толук маалымат бериле элек.

«Кумтөр» ишине байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, экс-депутат Исхак Пирматов жана бир топ мурдагы мамлекеттик жогорку кызматтагылар суракка алынган.

«Кумтөр» иши боюнча мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев да кармалды.

Copyright © 2017 Maral FM