Биз менен байланышыңыз

ЖККУ өлкө башчыларынын келерки саммити Арменияда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 996 | 0

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун коопсуздук кеңешинин келерки жыйыны 2022-жылы Арменияда өтөт. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Станислав Зась билдирди.

Бүгүн, 16-сентябрда Душанбеде ЖККУ мамлекет башчыларынын саммити өтүп, уюмга төрагалык кылуу Тажикстандан Арменияга өткөрүлүп берилди.

Белгилүү болгондой, Армениянын төрагалыгында өтө турган саммит күз айларына белгиленген.

Эскерте кетсек, Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге 1992-жылы кол коюлган. ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчөлүк кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM